​Хабаровскиде сабалган кыргызстандык мигранттар Орусиядан чыгарылат

  • 4 года мурун

Хабаровск шаарында ОМОНдун зомбулугуна кабылган 14 кыргыз мигранты Орусиядан чыгарылат.

Алардын миграциялык эрежелерди сактабай жүргөнү аныкталып, сотто ушундай чечими кабыл алынганын Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 19-декабрда ырастады.

Мигранттардын арасында орусиялык күч кызматкерлеринин ур-токмогуна арыздангандар бар.

Мырзабаевдин белгилешинче, консулдукка күч кызматкерлеринин ур-токмогу боюнча кайрылган 17 жарандын арыздарынын негизинде Хабаровск крайынын ИИМ башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүүдө.

Жеке адвокат жалдап, укуктарын коргоо үчүн тергөө органдарына кайрылган кыргызстандыктар болгон эмес.

Бул окуя боюнча Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты