​Матраимовдордун ЖМКга доосу боюнча сот 2020-жылдын 20-январына белгиленди

  • 4 года мурун

Матраимовдордун жалпыга маалымдоо каражаттарына доосу боюнча Бишкектин Свердлов районунда башталган сот отуруму 2020-жылдын 20-январына белгиленди. Ишти Свердлов райондук сотунун судьясы Жылдыз Ибраимова алып барууда.

Матраимовдордун адвокаттары иликтөөдө келтирилген маалыматтарды сот каралып жаткан маалда таратууга тыюу салууну өтүнгөн.

Кеп болгон иликтөөдө Матраимовдордун Саймаити менен байланышы боюнча, алардын Дубайдагы мүлкү, Ысмаил Матраимов атындагы фондго түшкөн каражаттар боюнча маалыматтар бар.

Сот Матраимовдордун адвокатынын сот иштери жүрүп жаткан учурда Матраимовдор тууралуу ЖМКда чыккан материалдарды таратууцга тыюу салуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Матраимовдордун иликтөөгө катышкан журналисттер кимдер экендигин, алардын тек-жайын сураган өтүнүчүн канаттандырган жок.

Бүгүн, 19-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык», «Клооп», 24 kg медиаларына жана журналист Али Токтакуновго койгон доосу боюнча сот отуруму башталган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү “Азаттык” радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, “Kloop.kg” жана “24.kg” сайттарын сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койду.

Быйыл 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты