​Бишкекте маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө жеңилдик алат

  • 4 года мурун

Китепканачылар, маданият кызматкерлери жеке бала бакча төлөмүнө 50% жеңилдик алат.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизди. Мамлекеттик социалдык буюртма программасы Бишкек шаарын камтыйт.

Мында бекитилген категориядагы үй-бүлөлөр балдарын жеке менчик бала бакчага берсе, анын жарым төлөмүн мамлекет каржылап берет. Буга чейин бул тизмеде төмөндөгү категориядагы үй-бүлөлөр кирген:

  • көп балалуу;
  • аз камсыз болгон;
  • аялы же күйөөсүнөн ажыраган, бир айлык кирешеси 12 миң сомдон кем эмес;
  • ата-энелеринин бирөө биринчи же экинчи топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген;
  • орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем эмес мамлекеттик муниципалдык кызматта иштеген үй-бүлөлөр.

Өгөрүүлөргө ылайык, бул тизмеге эми жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген китепканачылар жана маданият кызматкерлери кошулат. Алар буга чейин тандалган Бишкектеги тогуз бакчага балдарын берсе, Билим берүү жана илим министрлиги ай сайын төлөмдүн тең жарымын өз мойнуна алат.

Мындан сырткары бул программа боюнча бакчаларга кабыл алынчу жаш куракталаптарга да өзгөртүү киргизилди. Мурда кабыл алуу 3 жаштан башталса, жаңы жобо менен 2 жаш 6 айга толгон бөбөктөр бакчаларга кабыл алынат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты