Депутат Жамалдинов: «Эшектин териси бар да, эти жок, кайда сатылып жатат?»

  • 4 года мурун

Ветеринария жана фитосанитария инспекциясы Кытайдын компаниясына Торугарт өткөрмө жайы аркылуу 5 миң эшектин терисин 60 күндүн ичинде чыгарып кетүүсүнө уруксат бериптир. Эшектин териси бар да, эти жок, алар кайда жана кантип сатылып жатат? Көптөгөн жарандарыбыз ушуга жооп алалбай жатат.

Бул тууралуу депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеш жыйынында бүгүн, 19-декабрда, билдирди.

-Мен бул маселени мурда дагы көтөргөм, Ветеринария жана фитосанитария инспекциясы болбогон шылтоону айтып, жүйөлүү жооп бере алган эмес. Эмне, эшектин терисин эмес, аны тирүүлөй алып чыгып кетүүгө уруксат берсе болбойбу? Менимче, булардын артында таасирлүү адамдар турат. Азыр колума документ тийди, аны укук коргоо органдарына тапшырам, иликтеп көрсүн, — деди депутат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты