​Баш прокурорду кызматтан алуу боюнча кайрылуу Президентке жөнөтүлдү

  • 4 года мурун

Баш прокурор Өткүрбек Жамшитовду кызматтан алуу боюнча өлкө башчысына жолдонгон кайрылууну Президенттин канцеляриясы кабыл алды.

Бул тууралуу «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов (Нурбек Акбар) «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Ага ылайык, «Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргогону үчүн башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылган» кайрылууга 207 киши кол койду.

— Эми президенттен жооп күтүү менен бирге УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына да кайрылабыз. Андан тышкары финансы полициясы Райымбек Матраимов боюнча кандай териштирүү жүргүзүп жатканын сурайбыз, — деди Токтакунов.

9-декабрда Нурбек Токтакунов Райымбек Матраимовго каршы Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен өтө көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузуу аныкталса чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок Башкы прокуратура арызды карабай жатканы айтылган.

Башкы прокуратура Матраимовго байланыштуу Нурбек Токтакунов жазган арыз маалыматтардын эсепке алуу журналынын автоматташтырылган базасына катталганын билдирип, «арыз каралбай жатат» деген маалыматтарды төгүндөгөн. Ошондой эле ал арыз Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) өткөрүлүп берилгенин, мурдараак козголгон кылмыш ишинин алкагында караларын билдирген.

Жакында «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга эч тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда. Мындан кийин ал жана анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты