Чек арадагы чыр чыккан аймакта абал салыштырмалуу туруктуу

  • 4 года мурун

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр чыккан аймакта кырдаал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.

«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чыр-чатакты андан ары күчөтпөө максатында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары орноткон тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер жүргүзүлө башталды»,- деп айтылат 19-декабрда саат 18:30да берилген маалыматта.

18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада чыккан жаңжалдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жаракат алды. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына да ок тийген. Жараат алгандардын арасында дагы бир милиция кызматкери жана үч жайкын тургун бар.

Эки өлкөнүн жарандары ошол күнү эртең менен чырдашып, бири бирине таш ыргытышкан. Кийин эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда саат 11:30да Тажикстан тараптан атылган октон Кыргызстандын ИИМнин бир кызматкери жараат алганын Кыргызстандын чек ара кызматы кабарлаган.

«Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын бийлигине таянуу менен кыргыз айылындагылар тажик тараптын эки тургунун урганы үчүн чыр чыкканын жазды. Исфара шаарынын администрациясынан атын жашырган булак, Көк-Таштын тургундары кыргыз тарапка байкабай өтүп кеткен окуучуларды урганын айткан. Тажикстандын укук коргоо органдары үч тажик жараны жабыркаганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында кездешти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты