«REакция 2.0» тынчтык митингине келгендер сотторго кызыл кагаз көрсөтүштү

Бүгүн, 18-декабрда, Бишкекте өткөн «REакция 2.0» тынчтык митингинин катышуучулары Башкы прокуратурага жана сот органдарына футболдо эреже бузгандарга колдонулган кызыл айып кагазын көрсөтүштү.

18-декабрдагы нааразылык акциясынын катышуучулары «Сөз эркиндиги!, Бардыгынын оозун жаба албайсың!, Бизге факты керек!, «Азаттыкка» — азаттык!, «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!, Реалдуу реформа! деген ураандарды айтышты.

Акциянын катышуучулары Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоп чыгышканын билдирип, бийликти коррупцияга каршы күрөшүүгө чакырды.

Милиция кызматкерлери митингге чыккандардын коопсуздугун сактоо жана баш аламандыкка жол бербөө үчүн митингчилер менен желек көтөрүп келгендердин ортосун тосту. Акциясынын катышуучуларын көздөй «Ак үй» тараптан желек көтөргөн кишилер чыгышты. Аларды чагымчыл күчтөр болушу мүмкүн деген сөздөр айтылды.

25-ноябрда да Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы өткөн. Анда бийликке эскертүү катары футболдо эреже бузгандарга көрсөтүлчү сары айып кагазы көрсөтүлгөн. Ар кандай маалыматтарда ал акцияга миңден, эки миңге чейин киши келгени кабарланган.

Ал эми шаардык ички иштер башкармалыгы тынчтык митингине 400дөн ашуун адам чыкканын билдирген.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианынүстүнөн сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Буга Кыргызстандан чыгарылып кеткен жүз миллиондогон долларлар тууралуу «Азаттык» радиосунун, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу чыгарган иликтөөлөрдө айтылган маалыматтар негиз болгон.

Матраимовдор “Азаттык” радиосуна 22 миллион сом, “Kloop”медиасына 12,5 миллион сом, 24.kg сайтына 15 миллион сом доо арызы менен сотко кайрылган. Аталган арыз боюнча соттун алгачкы уктуруусу 19-декбарда болот.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты