Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн

  • 4 года мурун

Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн

Учурда дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп.

«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баяндамасына ылайык, камактагы журналисттердин саны боюнча Кытай (130), Египет (36) жана Сауд Арабия (32) өлкөлөрү алдыда. Орусияда учурда алты журналист түрмөдө отурат.

Жыл башынан бери дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн. Бул мурдагы жылга караганда эки эсеге аз. Алардын бир аз бөлүгү гана куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда курман болушкан.

Мындан тышкары быйыл 57 ЖМК кызматкери барымтага алынган. Алардын бирөө Украинада, калганы Сирия, Йемен жана Иракта уурдалган. Булардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

Баяндамага ылайык, 2019-жылы журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр Мексика, Сирия, Ооганстан, Пакистан жана Сомали болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты