​Парламент комитетинде элчиликке Бекназаровдун талапкерлиги жактырылды

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн, 17-декабрда, Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине жактырды.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Коомчулукта элчиликке Бекназаров көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу айтылып келген.

7-октябрда басма сөз жыйынында Бекназаров президент ага ар кандай кызмат сунуштап жатканын, анын ичинде Малайзиядагы элчи болууну сунуштаганын билдирген.

Азимбек Бекназаровдун кесиби — юрист, 2005-жылы баш прокурор болуп иштеген. Мурда элчилик кызматта иштеген эмес.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты