Кыргыз-сауд өнүктүрүү фондун түзүү сунушталды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-сауд өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу 16-декабрда Сауд Арабиядагы расмий сапардын алкагында падыша Салман бин Абделазиз Ал Сауд менен жолугушкан учурда айтты.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташуу кеңейтилген жана чакан курамдагы сүйлөшүү форматында өттү.

Жээнбеков Сауд Арабиясы менен кызматташууну өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Андан тышкары, Кыргызстан менен инвестициялык багытта кызматташып келаткан Сауд Өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен да жолугуп, аймактардагы чакан жана орто ишканаларга жардам берүү маселесин сүйлөштү.

Ошондой эле Жээнбеков Сауд Арабияда жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугуп, суроо-жооп иретинде жыйын курду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты