Кыргыз-тажик чек арасында нааразылык чыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында такталбаган жерде тосмо сала баштаган окуянын чоо-жайын билдирди.

Баткен районунун Көк-Таш айылына жакын такталбаган жерде тажиктер чек аранын шарттуу тилкесинде дүкөн тегерете тосмо кое баштаган.

«Кыргызстандын 30-40 тай жараны дүкөндүн жанына чогулуп, алар коюп жаткан тосмого бавйланыштуу нааразылыгын билдиришкен. Алар өз ара айтыша кетишкен. Ал жакка кыргыз чек арачылары барып, тажик жаранынан такталбаган жердеги ишин токтотууну талап кылган. Бирок ал токтоткон эмес.

Буга байланыштуу Кыргызстан жэана Тажикстандын чек арачыларынын өкүлү жолугушту. Жолугушууга өкмөттүн Баткендеги өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун губернаторунун орун басары да барды.

Кыргызстандын чек арачылары такталбаган жерде кандай жумуш болбосун, токтотулушун талап кылышты.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон 28-ноябрдагы жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты