Жээнбеков Сауд Аравия королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушту

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарындагы Королдун сарайында болду.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын гимндери жаңырды. Сооронбай Жээнбеков жана Салман бин Абдельазиз Аль Сауд расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырылды.

Андан соң кеңири жана чакан курамда сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен кечээ, 15-декабрда расмий визит менен барган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты