Хабаровск шаарында ОМОНдун кыргызстандыктарды ур-токмокко алынышы иликтенүүдө

  • 4 года мурун

Миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Россия ИИМинин биринчи орун басары А. В. Горов менен жолугушту. Горов анда бул окуя менен кылмыш иши ачылганын жана иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Окуя “Васильев” ЖЧКсына караштуу автопаркта болгон.

Хабаровск шаарындагы ардактуу консул Кадырбек Мырзабаевдин айтымында,15 киши Хабаровск шаарынын ОМОН отрядынын кызматкерлеринин зомбулугунан улам кайрылган. Россиянын федералдык коопсуздук кызматына, ИИМ жана прокуратурасына ОМОН кызматкерлеринин ал жоругуна баа берүүгө жиберилген.

ОМОН тарабынан текшерүү жүргүзүлүп жатат деген шылтоо менен атайын отряд кызматкерлери 73 мигрантты кармап, уруп-согуп, денесине залака келтирип, кадыр-баркына доо кетирген сөздөрдү айткан.

Бул окуядан кийин кыргызстандык эки мигрант ооруканага жаткырылган.

Миграция кызматы бул окуя көзөмөлдө турганын билдирди. .

Россиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганына арызданышууда. Алардын айтымында, 80дей кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан кармап кетип, 3-4 саат бою ур-токмокко алышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты