​2020-жылы кыргызстандыктар 1-7-январга чейин эс алат

  • 4 года мурун

Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу республиканын жарандары 1-январдан 7-январга чейин эс алат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылы дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Токтомго ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күндү (23-февраль дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күндү (9-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 4-майдагы иш күнүнө которулат.

Кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин, ошондой эле 1нен 5-майга чейин май майрамдары учурунда эс алышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты