​Хабаровскиде мигранттар ур-токмокко кабылды (видео)

Россиянын Хабаровск шаарында иштеген кыргызстандык айдоочулар ОМОНдун зомбулугуна кабылганына арызданышууда. Алардын айтымында, 80дей кыргызстандыкты 12-декабрдын кечинде күч кызматкерлери автопарктан кармап кетип, 3-4 саат бою уртокмокко алышкан.

Хабаровскиде алты айдан бери айдоочу болуп иштеп жүргөн Самарбек Осмон уулу — 12-декабрдын кечинде орусиялык күч кызматкерлердин зомбулугунан жабыр тарткандардын бири. Ал кечки саат ондордо унаа токтотуучу жайга ОМОН кызматкерлери келип, айдоочулардын баарын кармап кеткенин айтат:

— Бизди уруп, телефон, документтерди алып коюшту. Таң аткыча сабашты. Мен ооруканага барсам, паспортум жок кабыл алышпады. Азыр үйдө жатам. Акыбалым оор. Кабыргам сынган, бетим гана таза, калган денем көгала. «Эмне үчүн?» деп сураганга мүмкүнчүлүк беришпеди. Он-ондон комнаталарга алып кирип, үчтөн дубинкалар менен сабашты. Баары беткапчан. Кайсы кызмат, кайсы бөлүм, кимдер экенин көргөн жокпуз. Кээ бирөөлөрдүн миграциялык кагаздарын ооздоруна тыгып, артынан суу ичиришти.

Ур-токмокко алынган мигранттардын айтымында, күч кызматкелери аларды Хабаровскидеги Воронежский көчөсүндөгү №1 имаратка алып барып сабашкан.

Айдоочулардын бири Жыргалбек күч кызматкерлери мигранттарды ур-токмокко алаардан мурда имараттагы видеокамераларды жаап коюшканын билдирди:

— Камераларды скотч менен чаптап коюшту. Бардыгыбызды ылдый каратып отургузуп алып, сабай башташты. «Кызылдан өтөсүңөр», «акчасы жок жүргүнчүлөрдү түшүрүп саласыңар», «ээн баш болдуңар» деп сабашты. «Кебетеңер жакпайт» деп сөгүштү. 4-5 баланы жаман катуу сабап коюшту. Бир бала тилин чайнап сала жаздады. Кашык менен оозун эптеп ачтык. Таңкы төрттө кое беришти. «Эртең кадимкидей ишке чыккыла» деп кое беришти. Кээ бир балдардын документтерин, телефондорун кайтарышкан жок.

Жабыр тарткандар алгач Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупикке жардам сурап кайрылышкан. Кийин ага айдоочулардын бригадиримин деген Назарбек аттуу адам ур-токмокко 80дей кыргызстандык кабылганын тастыктаган. «Азаттыктын» өзбек кызматы дагы 20дай өзбекстандык ушундай эле арыз менен кайрылганын маалымдады.

Хабаровскидеги Кыргызстандын консулу Кадырбек Мырзабаев 13-декабрда расмий 17 жарандан арыз түшкөнүн тастыктады.

— Мен ИИМ, прокуратура, Федералдык коопсуздук кызматына нота жаздым. Эмки жумада жообу келет. Ким күнөөлүү, кимиси туура экенин териштиребиз. 17 жаран кайрылды. Тез жардамдан алынган медициналык маалымдамаларын беришти. Жаракаттарын көрсөтүштү. Арыздарын жазышты. Мен тиешелүү органдарга нота менен кайрылдым. Балдар ОМОН дешти. Кайсы күч кызматкерлери экени такталат. Жообун бергенде билебиз, такташып, териштиребиз.

Хабаровск крайындагы ИИМ башкармалыгына байланышканыбызда күзөттөгү кызматкер Пономарев мигранттар болжолдуу атаган Воронежский көчөсүндөгү №1 имаратта полиция бөлүмү жоктугун, полиция бөлүмүндө мигранттарды массалык түрдө ур-токмокко алуу тууралуу маалымат жоктугун айтты.

Ал эми ИИМ башкармалыгынын сайтында ИИМдин миграция башкармалыгынын кызматкерлери ФСБ, Росгвардиянын аскерлери менен бирге шаардагы автотранспорттук мекеменин биринде рейд жүргүзгөнү, жанында документтери жок 73 мигрант кармалганы 13-декабрдагы жаңылыкта жазылып турат.

«Регнум» агенттиги 13-декабрдын таңында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустар каттабай, шаарда маршруттук каттамдар токтоп турганын кабарлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты