​Жээнбеков расмий сапар менен Сауд Аравиясына барды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-декабрда, расмий сапар менен Сауд Аравия Королдугуна учуп барды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий сапар алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд жана Аш-Шура Мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен жолугушат.

Мындан тышкары, Сауд Өнүктүрүү фондусунун директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары, аткаруучу директор Халид С. Аль-Худайри жана Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен жолугушуулары пландалган.

Ошондой эле Жээнбеков Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараттарынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты