Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекция башчысы баштаган алты кызматкер паракорлукка шектелип камалды

  • 4 года мурун

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитетинин (УКМК) коррупцияга каршы күрөшүү кызматы экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясындагы коррупциялык схема аныкталды.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлер тобу мыйзамсыз каржылык пайда көрүү максатында курулуш архитектурасындагы тийиштүү маселелерди чечип берүү үчүн жеке компаниялардан дайыма пара алып турган туруктуу схема түзүшкөндүгү аныкталды.

Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси, коррупция жана 325-беренеси, пара алуу боюнча, системалык түрдө пара алып жана мыйзамсыз жол менен алынган акча каражаттарын бөлүштүрүүдө катышкан адамдар катталган.

11-декабрда кезектеги 2000 АКШ долларын алып жаткан учурда КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында башкармалыктын башчысы А.Т. жана башкы инспектор Б.Б. кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 6 кызматкери, анын ичинде башкармалыктын башчысы “А.Т.” УКМК убактылуу кармоочу жайына кармалды.

Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты