​Сот үч медианын эсептерине камакты алып салды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 13-декабрда, Бишкектин Свердлов райондук соту «Азаттык», «Клооп» жана 24 kg медиаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебине салынган камакты алып салуу боюнча токтом чыгарды.

Мындай чечимди төрайым Жылдыз Ибраимова чыгарды.

Буга чейин Свердлов райондук соту аталган үч медиага жана журналист Али Токтакуновдун эсептерин камакка алуу чечимин чыгарган.

Матраимовдордун адвокаты «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камакка коюу тууралуу чечимди жокко чыгарууга арыз бергени маалым болгон.

Бирок доо арыз өзгөрүлбөй, ошол боюнча калды.

Бир туугандар Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо келтирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген.

«Азаттык» радиосу, OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөөлөрдө Кыргызстандан бир нече жылда жүз миллиондогон доллар чыгарылып кеткени ашкереленген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты