Мамкомиссия Атамбаев жана тарапташтары саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеште 7-8-августта Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулууда.

Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик орган, мекеме жетекчилери, мамлекеттик комиссия мүчөлөрү катышып жатат.

Мамкомиссиянын атынан баяндама жасаган депутат Тынчтык Шайназаров 2019-жылдын 7-8-декабрында Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча бир топ адамдардан, бир катар укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түшүнүк алынганын, окуяга байланыштуу көп маалыматтар чогултулганын, окуя болгон айылдын тургундары менен жолугушуулар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, комиссиянын ишине мамлекеттик органдардын тажрыйбалуу кызматкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышкан.

«Иликтөө жыйынтыгында мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары азыркы бийлик башындагылар үй-бүлөлүк бийликти куруп алды деген доомат коюу менен, калкка жаман көрсөтүп, өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуу аракетин жасаган деген жыйынтыкка келди. Ошондой эле, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек шаарында митиг уюштуруп, баш-аламандык уюштурушкусу келген. Бирок, укук коргоо органдары түзүлгөн кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, саясий кырдаалдын курчушуна жол берген жок», — деди ал.

7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жараат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү тизмесине катталып, кылмыш кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Сүрөт: Кой-Таш окуясы. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты