Жээнбеков Абу-Дабиде курман болгон жоокерлер мемориалына гүлчамбар койду

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапар алкагында Абу-Даби шаарында курман болгон жоокерлердин мемориалына гүлчамбар койду.

Азем Ардактуу кароолдун ротасынын катышуусу менен аскердик оркестрдин коштоосунда өттү.
Мамлекет башчы Мекенинин алдында милдетин аткаруу учурунда курман болгон эмираттын жоокерлери менен мамлекеттик кызматкерлерин эскерди, аскердик даңк залын көрүп чыкты жана ардактуу меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.

«Wahat Al Karma» («Ар-намыс оазиси»)мемориалдык комплекси — бири-бирине таянып турган 31 панелден куралган архитектуралык композиция. Алардын ар биринин бетине курман болгон жоокерлердин ысымдары жазылган. Ал улуттук биримдиктин жана ынтымактын баалуулуктарын көрсөтүп турат.

11-декабрда, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Мухаммед бин Заед Аль Нахаянын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына учуп кеткен.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты