Казакстанда Сириядан кайтарылган 14 киши соттолду

  • 4 года мурун

Казакстанда «Ислам мамлекети» террордук тобунун катарында Сириядагы согушка катышкан деп айыпталган 14 казакстандык 8 жылдан 14 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылды.

29-ноябрдагы отурумда прокурор аларды 10 жылдан 17 жылга чейин соттоону өтүнгөн.

Соттолгон жарандар 25 жаштан 50 жашка чейинки куракта. Алар быйыл жыл башында башка жүздөгөн казакстандыктар менен бирге атайын операциянын алкагында Сириядан алынып келинген.

Ноябрда Казакстандын улуттук коопсуздук комитети Сирия менен Ирактан 824 киши, анын ичинде 547 бала кайтарылганын билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, Жакынкы Чыгышта кичинекей балдарды эсептебегенде Казакстандын 100гө жакын жараны бар.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт:Orken Zhoyamargen(RFE/RL)

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты