Момбеков: «Коопсуз шаар» долбоору эмес, «жоопсуз шаар» долбоору болду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков «Коопсуз шаар долбоорунун алешем жактарына токтолду.

«Коопсуз шаар» долбоору киргенде бул конкреттүү долбоор эмес, коммерциялык долбоор» деп айттым эле. Оболу ошондой болуп чыкты.

Бир жылга жетпеген убакыт ичинде 1 млрд сомго чейин айып пул салынды, анын 580 млн сому төлөндү.

1 млрдга жакын айып пулдун 90 пайызга жакынын карапайым калк төлөп жатат» деди депутат Момбеков.

«Эң негизгиси – элдин кыжырдануусун келтиргени-жолдо жүрүүнүн эрежелерин жөнгө салган жол белгилери. Бишкектеги жол белгилеринин баары мыйзамда каралбаган, токтомдо бекитилбеген жол белгилери, өкмөт бир гана «Вега» концернинин ишин аткарып жатат, ошолордун кызыкчылыгын коргоп жатат» деди Рыскелди Момбеков.

Экинчиден, жарандардын жеке маалыматтарынын коомчулукка чыгып кеткени тууралуу айтты.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов менен анын орун басары Айнура Туйбаева деп маалымат чыгарып жиберишти» деди депутат

Бул — «Коопсуз шаар» долбоору эмей эле, «жоопсуз шаар» долбоору болуп жатпайбы деп, мыйзамсыз жол белгилерин алуу, жеке маалыматтарды чыгарбоо боюнча өкмөт өкүлүнө талап койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты