​Бишкекте абанын булганышына каршы акция өтөт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-декабрда, Бишкекте абанын булганышына каршы #БишкекСмог акциясы өтөт.

Акциянын уюштуруучулары иш-чарага шаардыктарды беткап кийип келүүгө чакырды.

“Акция үнсүз болот. Катышуучулар беткап кийип келиши керек деп билдирди” уюштуруучулар.

Акция бүгүн, 12-декабрда, саат 12:00 дө башталат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 27-ноярда абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андагы маалыматка ылайык, ноябрь айында Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын бири деп табылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты