​Депутат Бекешев: “Айтматовдун музейин ремонттоого каражат бөлүнүш керек”

  • 4 года мурун

Бүгүн, 12-декабрь, Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү.

Депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеш жыйынында Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө жазуучунун музейине көңүл бурулбай жатканына токтолду. Депутат музейди ремонттоого каражат бөлүүнү өкмөттөн суранды.

-Айтматовдун атынан көчө атын коюп, айкелин тургузуп, бирок анын музейине көңүл бурбай жатабыз. Музейге дүйнөнүн ар кыл өлкөсүнөн келип жатышат. Үй-бүлөсү өз алдынча музейди ремонттой албайт. Ошондуктан мамлекеттик каражатка музейди оңдоого каражат бөлүнүш керек,- деп билдирди депутат Бекешев.

Дастан Бекешев Чыңгыз Айтматовдун ар күнү адам болуу тууралуу айткандарын эске салды. Бугүнкү күндө бул эң маанилүү болуп жаткандыгын белгиледи.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты