Сабиров «Кумтөр» кенинде дайынсыз жоголгондор, коопсуздук боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

  • 4 года мурун

Бүгүн, 11-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Аида Исмаилова жана Максат Сабиров Кумтөрдөгү коопсуздук маселесин парламентте кароону сунуштады. Депутат Сабиров бул боюнча депутаттык комиссия түзүү маселсин койду.

—Кумтөрдө жоголгон кишилер качан табылат, коопсуздук маселеси кандай болот?- деди депутат Аида Исмаилова.

Максат Сабиров эмнеге 2-3 метр жылып турган «отвалга» түнкү сменде иштетет? — деп суроо салды. -12 млн куб. жылып, жерге түшүп жатат.

Сабиров Кумтөрдөгу коопсуздук боюнча комиссия түзүү сунушун билдирди. Комиссия түзүү маселеси комитетте каралууга жөнөтүлмөй болду.

1-декабрда эртең мененки 5:43тө Лысый жээк өрөөнүндөгү кендин үйүлгөн жараксыз катмары кескин түрдө жылган.

Ошол учурда аймакта тоо кен өндүрүшү бөлүмүнүн операторлору иштеп жаткан. Тоо кен бөлүмүнүн мастери О. Ишенбеков жана бульдозердин машинисти Ж. Жунушов 1-декабрдан бери дайынсыз деп эсептелүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты