​Сыдыков: Президент Сауд Аравиясына барат

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков падыша Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен 15-17-декабрда Сауд Аравиясына расмий сапар менен барат.

Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Жээнбеков Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, мураскер ханзаада Мухаммад бин Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, Аш-Шура мажилисинин төрагасы Абдулла бин Мухаммад бин Ибраим Аль Аш-Шейх менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланат.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд өнүктүрүү фондусунун директорлор кеңешинин төрагасы Ахмед бин Акил Аль Хатиб, Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар М. Х. Хаджар менен соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн жолугушуусу пландалган.

Мамлекет башчы Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин имаратынын жаңы комплексинин расмий ачылышына катышат жана мекендештер менен жолугушат.

Сүрөттө: Данияр Сыдыков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты