Ок чыгаргандарды кармоого «Коопсуз шаар» камерасы өбөлгө болду

  • 4 года мурун

Кечээ, 9-декабрда, болжол менен саат 19:35 те Бишкек шаарынын Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде “Тойота-авенсис” машинасын белгисиз бирөөлөр аткылаган.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, “Тойота-авенсис” унаасындагылар аткылагандарды кууп жөнөгөн. Куугандар жол эрежесин бузуп, кырсыкка кабылган.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39 жана 130-беренелер менен, киши өлтүрүү аракети боюнча катталган.

Окуя болгон жерден “Макаров” тапанчасынын гильзасы табылган.

Жабыркагандар шаардыгы №4 ооруканага жеткирилген.

“Коопсуз шаар” долбоорунун видеокамерасындагы жазылып калгандар кылмышкерлерди табууга жардам берди.

ИИМ жана Бишкек шаардык ИИБ кызматкерлери Токтогул районунда 1994-жылы туулган Т. уулу И. Жана М.Н. ны шектүү катары кармады. Алар номуру өчүрүлгөн “Макаров” тапанчасын алып жүрүшкөн.

Сотко чейинки териштирүүдө жабыркагандар менен ок чыгаргандар кийинки 1,5 жылдан бери араздашып жүргөнүн, алардын баарынын түпкүлүгү Токтогул районунан экендиги аныкталды.

Иллюстрациялык сүрөт. «Коопсуз шаар» камерасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты