Бишкекте электрондук нотариат кандай иштеп жатат?

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарында сыналып жаткан «Электрондук нотариат» маалымат тутумунун иши менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Юстиция министри Марат Жаманкуловдун айтымында, «Электрондук нотариус» аркылуу бардык нотариалдык иш-аракеттер электрондук түрдө жүргүзүлүүсүнө жана документтердин жасалмалуулугун саналуу секунддардын ичинде аныктоого мүмкүн болот.

Электрондук нотариат» маалымат системасы аркылуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө байланыштуу мыйзамсыз аракеттердин алдын — алат жана нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышындагы көзөмөлдү жогорулатат.

«Электрондук нотариат» тутумуна Бишкек шаарындагы 12 мамлекеттик жана 2 жеке менчик нотариус кошулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты