​Чек ара кызматы: Өзбекстан менен чек арада абал тынч

  • 4 года мурун

АлаБука районундагы АкКурча аймагында жергиликтүү тургундун малы Өзбекстанга өтүп кеткен.

Эки өлкө ортосундагы келишимге ылайык, мал чек арадан өтүп кетсе коңшу өлкөнүн чек арачылары айдап келиши керек. Ушул эреженин негизинде өзбек чек арачылары малды айдап келген учурда жергиликтүү тургундар менен кайым айтыша кеткен.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек арачылары келип, коңшу өлкөнүн чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Натыйжада эки тараптын ортосундагы түшүнбөстүк жөнгө салынган.

Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу болбогонун жана абал тынч экенин кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты