​ЖЭБ соту аяктады. Исаков жана Калиев 15 жылга камалды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 6-декабрда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациясы боюнча сот иши аягына чыкты.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев 15 жылга эркинен ажыратылды.

“Электр станциялары” ААК мурдагы директору Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга камалды.

Бишкек ЖЭБ модернизациясынын мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана “Электр станцияларынын” директорунун мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров 2,6 жылга кесилип, убактылуу камак жайында отурганы эсепке алынып, экөө сот залынан бошотулду.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова 3 млн сом айып төлөө өкүмү чыгып, сот залынан бошотулду.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев 5 млн сом айып төлөө өкүмү менен сот залынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты