Олимпиадада байгелүү орун алган кыргызстандыктарга сый акы каралат

  • 4 года мурун

Токиодо боло турган олимпиадада байгелүү орун ээлеген спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо жагы талкууланды. Анын суммасы 5 млн сомдон 10 млн сомго чейин болушу болжолдонууда.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрайымдыгы алдында спортчулардын 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада жана паралимпиадалык июндарга даярдык боюнча жыйында сөз болду.

Өкмөттүн маалыматтык кызматынын билдиришинче, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи.

Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон.

Арпачиев Кыргызстандын капчыгында Айсулуу Тыныбекова (спорттук күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Маслова (жеңил атлетика) уткан беш жолдомо бар экенин айтты.

Токидо боло турган олимпиадада байгелүү орун ээлеген спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо жагы талкууланды. Анын суммасы 5 млн сомдон 10 млн сомго чейин болушу болжолдонууда.

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан тарта 9-августка чейин өтөт.

Сүрөт: өкмөттүн маалыматтык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты