Кыргызстан консулдук каттоону online ыкмага өткөрдү

  • 4 года мурун

Чет жактагы кыргызстандыктар үчүн консулдук каттоого туруу жеңилдеди.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат. Консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт.

Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлөрү белгилүү. Андыктан, ТИМ белгилегендей, online ыкма аркылуу катталууну каалагандар көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейет.

Келерки жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Калкынын саны 6 миллион Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет жакта окуп, иштеп жүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты