​Үйүнүн тосмосуна сүрөт тарткан Ниязбек

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринде жашаган Ниязбек Сереков үйүнүн тосмосуна сүрөт тартып койгон.

Ниязбек курулушта иштейт. Жан дүйнөсүндөгү ойлорду кагазга тартпай, минтип үйдүн тосмосуна чагылдырыптыр.

Үйүнүн тосмосуна кыргыздын бийик тоолорун, көпкөк асман, жайлоо, суусун түшүрүптур. Көз жоосун алган бул кооздук көргөндүн көөнүн жылытат.

Ниязбек өнөрү тууралуу буларды айтып берди:

Бул сүрөттү 2019-жылдын июль айында тарта баштадым. Эки ай аралыгында бүтүрдүм. Тоонун кырын чыгарыш үчүн цемент аралашманы, түстүү боёкторду колдондум. Тосмонун бетине сүрөттү түшүргөндөн кийин кургаш үчүн бир далай убакыт күттүм.

Тартып бүткөндөн кийин үстүнөн жаанда суу акпаш үчүн лак септим. Колдонгон аралашманын курамын да, түсүн да өз табитиме жараша тандадым. Бирок курамын толугу менен айтпай коё турайын. Жаңы гана иштей баштадым да..

Бул тосмо али тартылып бүтө элек. Үстүнө дага темир кошуп, ичин улуттук оюу менен кооздойм.

Пейзаж тартканды жакшы көрөм. Илхом келсе баракка деле, тактайга деле тарта берем. Сүрөт тартуу боюнча эч кандай окуу жайын бүткөн эмесмин. Кээде тааныштар буйрутма берип калышат, үйүмө сүрөт тартып бер деп.

Каарманыбыз үйүндөгү дагы бир баалуу сүрөтүн көргөздү. Кире беришинин тамына бүчүр байлаган бакты түшүрүптүр. Бакта чымчыктар сайрап тургандай сезилди. Бактын ар жалбырагын, бутагын, бүчүрүн цемент менен катырып, тегерек — четин көк түс менен боёп, булут түшүргөнгө бир айга жакын убакыт кетиптир.

Ниязбек сөзүн улантты:

— Келечекте үйүмдүн бардык бөлмөлөрүн ушундай кылып сүрөт менен кооздосом деген үмүтүм бар. Соңку мезгилде үй жасалгалап, обой дегенди чаптап атышат. Мен өз колум менен ар бир бөлмөмө сүрөт тартсам деген оюм бар,- дейт Ниязбек.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөр: Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты