УКМК: Журналисттик иликтөө боюнча тергөө улантылмакчы

  • 4 года мурун

Журналисттик иликтөөнүн материалдарынын негизинде баш прокуратура тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

Бул тууралуу УКМК басма өз кызматы билдирди.

— Журналисттик иликтөө боюнча кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренеси (Киши өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча баш прокуратура тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Сотко чейинки териштирүү алкагында УКМКга ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, мамлекеттик бажы кызматынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов сурак беришти.

Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы мурунку консулу Эркин Сопоковдун катышуусунда тергөө иштери жүргүзүлдү.

Сопокок УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ошондой эле «Азаттык медианын» журналисттери Али Токтакунов жана Ыдырыс Исаков күбө катары суракка чакырылышкан.

Тергөө иштери объективдүү жана ар тараптуу өтүшүн камсыз кылуу максатында иликтөө иштери калыс жүргүзүлүп жатат, -деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты