Өмүрбек Текебаев: “Түрмөдө Атамбаевди көп эстептирмин”

“Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу” аттуу китеби жарыкка чыкты.

Китептин 3-декабрдагы бет ачарына саясатчылар, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомчулук катышты.

Бул китепте саясат, тарыхта калчу инсандар, өлкөнүн келечеги, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тууралуу да курч ой-пикирлер камтылган.

Текебаев китепте айтылгандар тууралуу кыскача мындай деди:

“Түрмөдө туура 1200 күн жаттым. Маегибизде көп күндөрдү эстедим. Өткөндө бирөө “Кимди көп эстедиң” деп сурады. Берген интервьюларды карасам, Алмазбек Атамбаевди көп эстептирмин. Бул китепте жакынкы тарых, демек, Алмазбек Атамбаев тууралуу көп сөз болот. Биз убагында шерик катары, дос катары каталарын айткан экенбиз. Бирок ошого карабай, Конституцияны бузуу жолу менен Кыргызстандын табигый байлыгына, кыргыздын келечегине кол салуу менен өз кызыкчылыгын ойлоп, чектен чыгып кеткен. Китепте мына ушул сыяктуу ойлор камтылган.

Бул китеп өткөндү гана эскерүү эмес, келечекке карай багытталган десек жаңылышпайбыз.

Бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков да, Алмазбек Атамбаев да парламенттик башкаруу болуш керек деп айтып жүрүшөт.

Атамбаевге тарыхтын берген баасын баарыбыз көрүп турабыз” деди Текебаев.

Китептин ачылышында катышкан саясатчылар өз ойлорун билдирди.

Отунбаева Роза, экс-президент, мындай деп сүйлөдү:

“Өмүрбек соттолгон адам, дагы эле таза акталып чыга элек. Ошентсе да өз күчүнөн тайбай турат. Өз учурунда Конституциянын атасы аталган. Ал өзүн талыкпай өнүктүрөт. Түрмөгө барганда китеп алып барып турдук” деди экс-президент Отунбаева.

Айгүл Молдоканова

Сүрөттөр: Автордуку.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты