“Коопсуз шаар” долбоорундагы өздүк маалыматтардын чыгып кетиши иликтенет

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы маалыматтардын чыгышын иликтөө жана жарандардын өздүк маалыматтарын колдонуудагы көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго тапшырды.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине факты боюнча күнөлүүлөргө чара көрүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырмасын берди.

Абылгазиев бул кырдаалда сүрөттөгү адам экинчи планда деп эсептейт.

«Биз бардык системадагы иштердин жөнгө салынышын, так жана коопсуз болушун камсыз кылышыбыз керек», — деп белгиледи Абылгазиев.

«Коопсуз шаар» долбоорундагы видеокамераларга түшкөн сүрөттөрдүн чыгып кетиши коомчулукта талкууну жаратты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты