ЭлТР «Азаттык» радиосунун иликтөөсүн эфирге чыгаруудан баш тартты (Иликтөө видеосу)

ЭлТР телеканалы «Азаттык» радиосунун «Көмүскө акча ташыгандар кербени» аттуу жаңы иликтөөсүн эфирге чыгаруудан 4-декабрда баш тартты. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу сайтында жарыялады.

Телеканалдын жетекчиси Айбек Мусаев мындай жүйө келтирди:

«Бүт баары расмий, бир тараптуу жасалган. Монолог. Алып баруучунун гана монологу. Азыр тергөө жүрүп жатат, ошондуктан биз муну бере албайбыз. Бул менин жеке пикирим. Бизде жамааттык форма бар. Ошол карап, бир тараптуу деп тапты. Силер жибергенден баштап карады».

«Азаттык» 29 мүнөт 53 секундалык иликтөөнү телеканалга 4-декабрда 17:54дө жиберген. Эфирге 20:00дө берилмек.

Иликтөөдө нак акча ташыгандардын түйүнү жылдар бою миллиондогон долларды Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып турганы, көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келгени баяндалат. «Бул система кандай иштейт, ким калкалайт?» — деген суроого жооп изделген.

Иликтөөнү “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” жана “Kloop” порталы бирге жасады. Бул системанын ийне-жибине чейин билиш үчүн декларациялардын, авиакаттамдардын, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы жана башка документтери текшерилип, бир катар интервьюлар алынды.

Программанын текст жана видео түрүндө azattyk.org сайтына чыкты. YouTube порталына, социалдык тармактарга жайгаштырылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты