Жаманкулов: феминналеден айрым экспонаттар алынды

  • 4 года мурун

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминналеден айрым экспонаттар алып салынды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов сүрөт музейинде журналисттерге маалымат берип жатып айтты:

— Провокацияга алып келген, атайын жасалган экспонаттар алып салынды. Ал эми феминалле өз ишин улантат. Иш-чаранын максаты жакшы. Мен кечээ ар бир экспонатты карап чыктым. Аларда коомчулукка бере турган жакшы ой, идея бар. Ушунун баарын коомчулук көрүш керек. Мен жарандарды келип аларды көрүп, талкуулап кетүүгө чакырам.

Жаманкулов бул иш-чара коомчулукта кызуу талаш-тартышка жем таштаганын, коомчулукта иш-чаранын максатына эмес, анда коюлган экспонаттарга сын айтылып жатканын белгиледи.

Маалымат боюнча, феминналеден жылаңач денесин көрсөткөн кыз, аялдын тулку боюн көрсөткөн машыгуучу сөлөкөт жана ич кийимдер алынды.

Жарандык активисттер 2-декабрда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөгө каршы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан. Ушундан улам музейдин директору Мира Жангарачеванын кызматтан кетти.

27-ноябрда башталган феминнале 17 күн болот. Бишкекте алгачкы жолу уюштурулуп жаткан иш-чара Москвадагы басмаканада 2016-жылы чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналууда. Феминналеде аялдардын укугун коргоо боюнча бир нече сүрөттөр, экспонаттар бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты