​Россияда жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга жол ачкан мыйзамга кол коюлду

  • 4 года мурун

2-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин жеке тараптарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп таанууга жол ачкан мыйзамга кол койду.

Ага ылайык, бийлик эми «чет өлкөлүк тыңчылардын» тизмесине киргизилген уюмдарда иштеген журналисттерди «чет элдик агент» деп тааный алат. Ошол эле маалда мындай макам чет элдик ЖМКлар менен кызматташып, алардан акча алган жеке адамдарга дагы бирилиши мүмкүн.

Эгер чет өлкөлүк басылманын макаласы Орусияда белгиленген ишмердүүлүк тартибин бузса, кабыл алынган нормалар «чет өлкөлүк агенттердин же аны негиздеген юридикалык жактардын сайттарына бөгөт коюуга» мүмкүндүк берет.

«Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө» мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Аны менен сырттан акча алган бейөкмөт уюмдар атайын реестерде катталууга милдеттендирилген.

2017-жылы ноябрдан тарта чет жактан каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттарын дагы бул тизмеге кошууга жол ачкан мыйзам иштей баштаган.

Учурда аталган реестрде 150дөн ашык коммерциялык эмес уюм жана маалымат каражаты катталган. Арасында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус кызматы жана «Настоящее время» телеканалы бар.

Буга чейин 10 эл аралык уюм, алардын ичинде Amnesty International, Human Rights Watch, «Чек арасыз кабарчылар» жана Журналисттерди коргоо комитети орус бийлигин жарандарды «чет өлкөлүк тыңчы» деп аныктай турган мыйзам долбоорунан баш тартууга чакырышкан.

Орусиянын интеллигенция өкүлдөрү президент Владимир Путинди мыйзам долбооруна кол койбоого үндөп, ачык кат жазышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты