Кытай АКШга санкция киргизди

  • 4 года мурун

Кытай Америка Кошмо Штаттарына жана башкы кеңсеси АКШда жайгашкан бир катар өкмөттүк эмес уюмдарга каршы санкция киргизди.

Алардын арасында «Human Rights Watch» жана «Freedom House» уюмдар да бар. Кытай бийлиги бул уюмдарды Гонконгдогу акцияларды колдоп жатат деп айыптады.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Вашингтондун «жоопкерчиликсиз кылык-жоругун» айыптап, Бээжиндин ички ишине кийлигишти деп сындады.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Гонконгдогу демократияны жана адам укуктарын коргоого багытталган эки мыйзамга кол койгон болчу.

Бул документтерде «АКШнын мамлекеттик катчысы бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу кеминде жылына бир жолу баяндама жасап турушу керек» деген жобо бар. Эгер Вашингтон Гонконг жетиштүү деңгээлде көз каранды эмес деп тапса, соода-сатыктагы айрым бир артыкчылыктар токтой турганы көрсөтүлгөн.

Ошондой эле адам укуктарын бузду деген жогорку кызмат адамдарына санкция киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары АКШ Гонконгго полиция жабдууларын жана техникаларын экспорттоого тыюу салган.

Буга байланыштуу Кытай бийлиги дүйшөмбүдөн тарта америкалык аскердик кемелер менен учактардын Гонконгго барышы тууралуу өтүнүчүн кароону токтотту.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты