Германияда бир жуманын ичинде экинчи музей тонолду

  • 4 года мурун

Берлинде коммунисттик Чыгыш Германиянын жашыруун полициясына байланышкан экспонаттар сакталган Штази музейи каракталды.

Берлин полициясынын маалыматына караганда, кылмышкерлер 1-декабрга оогон түнү имараттын биринчи кабатындагы терезе аркылуу киришкен. Алар бир нече витринаны талкалап, медалдар менен кымбат баалуу буюмдарды алып кетишкен.

25-ноябрда да белгисиз адамдар Дрезден шаарындагы «Жашыл жыйнак» музейине ууруга киришкен. Алар музейде 18 кылымдагы бриллиант зер буюмдарды карактап кетишкен.

Полиция кылмышкерлер музейге коңшу жайгашкан Саксон монархтарынын мурдагы хансарайындагы электр жарыгын жарым-жартылай өчүрүп киришкенин билдирген.

Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты