УКМК Абылгазиев, Сулайманов, Төрөкулов, Айтматованы ж.б. суракка чакырат

  • 4 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети журналисттик иликтөөгө катышы бар бардык адамдарды суракка чакырып жатканын кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренелери, киши өлтүрүүгө аракет жасоо боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш чаралары уланууда.

2-декабрда «Азаттык радиосунун» журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов чакырылды.

Ошондой эле, КР ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, граждандык активисттер, КР Президентинин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу жана ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз, ошондой эле КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз, -деп билдирди УКМК басма сөз кызматы.

«Азаттык» , «Клооп» порталы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө борбору» ( (OCCRP) долбоору Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоо схемасы кантип иштеп келгенин, бажы тармагында айланган миллиондор, Райым Матраимов жана Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитинин таржымалы тууралуу биргелешкен иликтөөнү жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты