Абылгазиев «Центерра голддун» дивиденд төлөө маселесин дагы көтөрдү

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Скотт Перри менен жолугушту.

Жолугушууда «Centerra Gold Inc.» компаниясынын, анын ичинде стратегиялык келишимдин күчүнө киргенин эске алганда, Кумтөр ишканасынын ишине байланыштуу маселе, ошондой эле кендеги өндүрүштүк көрсөткүчтүн көбөйүшү талкууланды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, 2018-жылдын 9 айында Кумтөрдө 9,5 тонна алтын өндүрүлсө, быйыл ушул убакыттын аралыгында 14,04 тоннаны түздү. Жылдын аягына чейин алтынды өндүрүүнү 18,2 тоннага чейин жеткирүү болжолдонууда.

Өз кезегинде Абылгазиев Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кыргызалтын» ААКга дивиденддерди милдеттүү түрдө төлөө маселесин дагы бир ирет көтөрдү.

Мындан тышкары премьер-министр рекультивациялоо боюнча трасттык фондду Кыргыз Республикасына көчүрүү маселесин кароо зарылдыгын баса белгиледи. Өкмөт зарыл делген кепилдиктерди берүүгө жана фонддун каражаттарын Кыргызстанда жайгаштыруу боюнча бардык шарттарды ыкчам тартипте макулдашууга даяр.

Абылгазиевдин ою боюнча, кен жабылганга чейин бул каражаттарды Кыргызстанга жайгаштыруу жана ата мекендик чакан, орто бизнести колдоо үчүн натыйжалуу колдонуу максатка ылайык. Ал Өкмөт Кыргызстандын кен тармагында иштеп жаткан бардык компанияларга мындай ырааттуу мамилени жасоо ниети бар экенин баса белгиледи.

Скотт Перри «Centerra Gold Inc.» компаниясынын түзүмүндөгү Кумтөр кенинин маанилүүлүгүн белгилеп, Премьер-министр көтөргөн маселелер жакынкы арада «Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешинин кароосуна киргизилерин кошумчалады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты