Ошто “Манас” китебинин бет ачары болду

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-ноябрда, “Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” эл аралык салтанатынын расмий жабылуу аземине карата “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин жыйыны жана бир катар маданий иш-чаралар өтөт.

Кечээ, 29-ноябрда, Ош мамлекеттик университетинде “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, өзбек тилине которулган “Манас” эпосу китебинин бет ачар аземи болду.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризс министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өзбекстан маданият министринин орун басары Камола Акилова, “Түрксой” эл аралык уюмунун өкүлдөрү, адабият таануучулар, илимпоздор, окумуштуулар жана студенттер катышты.

Министр Жаманкулов бул чыгарма элибиздин негизги руханий табылгасы, укумдан-тукумга өтүп келген улуу мурасы, улуттук сыймык деп белгиледи.

“Манас” эпосун өзбек тилине которгон адабиятчы- акын Зухриддин Исомиддинов түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги, кызматташуусу чыгармаларды которуп жайылтып, үрп-адаттарды жана маданиятты көрсөтүү аркылуу чыңала тургандыгын айтты. Бул өзбек тилине которулган эпос. Аны Бексултан Жакиев иштеп чыккан «Манас» эпосунун кыскартылган варианты.

Китеп “Түрксой” эл аралык уюму тарабынан каржыланып, басылып чыккан.

Студенттер манас айтып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле, Бабур атындагы музыкалык драма театрынын чыгармачыл тобу тарабынан “Манас” спектакли орун алды.

2018-жылдын 18-декабрында Туркиянын Кастамону шаарында өткөн “ТҮРКСОЙго” мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 36-отурумунда Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Сүрөт: аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты