Депутат Карамушкина: “Атамбаев силерге ууру эмес…”

  • 4 года мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко күчтөп алып барганына байланыштуу КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина мындай деп фейсбук баракчасына жазды:

“Урматтуу Президент таксыр! Атамбаевди мындай абалда өлкогө, дүйнөгө көрсөтө турган көчөдөгү ууру эмес! Ал- Кыргызстандын экс-президенти! Ал мамлекетке атайылап чыгым келтирген жок, сиз өкмөттүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана А. Жээнбеков төрага болуп тургандагыдай, чыгым келтирп же элдин акчасын чыгарып кеткендегидей далил таба албайсыздар! Ошондуктан уятсыздык менен аны келекелеп жатасыздар! Атахановду көп кишилер кайтарып, тергөө менен кызматташып жаткан “керектүү күбө”качып кетпесин деп жатасыздар! Өз маалы келгенде сиз да бул “эрдигиңиз” үчүн жооп бересиз” деди депутат Карамушкина.


Бүгүн, 29-ноябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда уланган кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күчтөп алып барышканы маалым болду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты