​Жээнбеков Путин менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-ноябрда, Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны алкагында болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу мамилелери активдүү болуп, өлкөлөрдүн кызматташуусу бардык багыттар боюнча жемиштүү уланып жатканын баса белгиледи.

Ал Россиянын Президентине ЖККУнун алкагында да, эки тараптуу форматта да активдүү жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз дайым Сизди Кыргызстанда көрүүгө кубанычтабыз, Сизди биздин өлкөдө жакын жана чыныгы дос катары кабыл алышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Владимир Путин өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер ийгиликтүү өнүгүп, чыныгы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамлекеттер аралык жана саясий мамилелердин бардык тармактарында байкалып жатканын өзгөчө белгиледи.

Ал Россия Кыргызстан менен болгон экономикалык байланыштарда лидерлердин бири экенин белгиледи — 2018-жылы өз ара соода-сатыктын жүгүртүүсү 17%дан ашып, Кыргызстандын Россияга экспорту 22%га жогорулагандыгын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма соз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты