​ЖККУ жыйынын 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда

  • 4 года мурун

Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин бүгүн, 28-ноябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтүп жаткан кезектеги сессиясынын ишин 135 чет өлкөлүк жана 130 жергиликтүү журналист чагылдырууда.

Россия, Беларусь, Армения, Казакстан жана Тажикстандын 43 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат, ал эми 130 жергиликтүү журналисттер жалпысынан Кыргызстандын 34 жалпыга маалымдоо каражаттарынан келишкен.

ЖМКлар өкүлдөрү үчүн басма сөз борбору уюштурулган.

Жыйындын жүрүшү «Ала-Тоо 24» телеканалы аркылуу түз эфирде чагылдырылууда.

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты