​Жээнбеков Лукашенко менен жолугушту

  • 4 года мурун

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Беларусь Президенти Александр Лукашенко менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу бүгүн, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү.

Мамлекет башчылар эки тараптуу мамилелердин жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдык билдиришти.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты