​Жээнбеков Пашинян менен жолугушту

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту.

Жолугушуу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын алкагында өттү. Саммит бүгүн, Бишкек шаарында, Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков жана Никол Пашинян эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн, кыргыз-армян мамилелеринин, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу билдирди.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты