​Айыптоочулар Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну, Артыкбаевге айып салууну сурашууда

  • 4 года мурун

Борбор шаардын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук борборун модернизациядоо боюнча сот аягына чыгууда. Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочулар соңку сөздөрүн, жаза өтүнүчтөрүн айтышты.

Баш прокуратуранын билдирүүсүндө айтылгандай, прокурорлор Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранышты.

Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевдин 100 миллион сом төлөгөнүн эске алып, айыбын жеңилдетип, 5 млн сом айып пул салууну өтүнүштү.

Андан тышкары айыпталуучулар тарабынан үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратуу, атайын жана ардак наамдарын, класстык чин жана мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирилди.

ЖЭБ модернизациясы боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов, мурдагы финансы министри Ольга Лаврова, ошондой эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыпталууда.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты